Бишкекте 27 жаштагы айдоочу велосипед тээп бара жаткан адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу патрулдук милиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 7-сентябрь күнү саат 18:00 чамасында Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Профсоюз көчөсү менен күн чыгышты карай бара жатып, велосипед тээп бара жаткан 1969-жылы туулган жаранды сүзүп алган. Жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Учурда тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.