Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Тыналиев көчөсүндө жайгашкан №92 көп кабаттуу турак үйүнүн 6-кабатында батирден чыккан өрт саат 20:47де толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыр тарткандар жок, өрттүн себеби такталууда.