Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 8-сентябрь күнү саат 21:04тө Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн, Кадамжай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.