Бүгүн, 9-сентябрда таңга маал Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 05:57де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң Алай районунун Жар-Башы, Күлчү, Чак, Жаш-Тилек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдиришти ӨКМдан.