Чүйдө жеңил унаа каналга түшүп кетип, ичиндеги 2 адам изделүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жеңил унаа каналга түшүп кетти. Автоунаанын ичинде 2 адам болгонун, аларды издөө иштери жүргүзүлүп жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, окуя 8-сентябрь күнү саат 21:10 чамасында Дачное айылында орун алган.

"Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унаа каналга түшүп кеткен, унаада 2 адам болгон (1 аял, 1 эркек аты-жөндөрү такталууда).

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн окуя болгон жерге өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды. Издөө иш-чаралары бүгүн да улантылат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан