Баткенде коңшу өлкөдөн баңги затын ташыганга шектелип Тажик жараны кармалды

Баткен облусунун Арка айылынын чек арага чектеш аймагынан героин алып бара жаткан Тажик жараны кармалды. Анын унаасынан 2 килограмм 600 грамм салмактагы героин алынганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө баңгизаттын ири партиясын аткезчилик жол менен ташыган улуттар аралык уюшкан топтун мүчөсү кармалды.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ыкчам топтун кызматкерлери 1982-жылы туулган Ю.Х. аттуу Тажик жаранын кармашкан. Анын автоунаасына кароо жүргүзүү учурунда уксус ангидриддик кескин жыты бар таңгакталган каражаттар табылган. Соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, жогорудагы табылган каражат героин экендиги аныкталды. Мыйзамсыз жүгүрткөн заттын жалпы салмагы 2 килограмм 600 грамм.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар делинген жарандардын аты-жөнүн аныктоо жана аларды кармоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан