Coca-Cola`дан унаа утуп алган жеңүүчүлөр аныкталды

Coca-Cola Кыргызстан компаниясы 2020-жылдын 15-июлунан 2020-жылдын 31-октябрына чейин ар кандай байгелерди утуу мүмкүнчүлүгү менен промо-акцияны баштады.

Биз эки автоунааны утуп алган, офисибиз менен биринчи болуп байланышып жана капкакты каттаткан жеңүүчүлөрдү кубануу менен жарыялайбыз. Алар - Бишкек шаарынан Адилет Жакшылык уулу жана Чүй облусунан Адель Кишибатырова. Кардарларда телевизор жана телефон сыяктуу башка байгелерди да утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилейбиз. Азыркы учурга карата 202 байгенин 82си ойнотулду.

Эске салсак, биздин продукциянын капкагынын алдында жайгаштырылган тамгалардан сөздү курап байге алуу керек. Промо-акциянын “T”, “E”, “Л” тамгаларын чогултушкан биринчи 100 катышуучу Samsung Galaxy S20 смартфондорун алышат, промо-акциянын “В”, “И”, “Д” тамгаларын чогултушкан биринчи 100 катышуучу Samsung 43 сыналгысын алышат.

Coca-Cola менен кыялдар орундалат! Капкактарды табууга жана байгелер үчүн биринчи келүүгө шашылыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан