Элдик керемет

"HelpTheChildrenSKD" кеңсесинде иш кайнап жатат. Адаттагыдай эле президент Елена Коневанын олтурганга убактысы жок. Шаардык жана чөнтөк телефонуна тынымсыз чалуулар келет, ал эми кабинетке жумуштары менен жаңы адамдар кирип жатат.

- Сен олтуруп, чай ичип турчу. Мен бир аздан кийин бошоп калам деп өзүн күнөөлүү сезгендей Елена мага кайрылды - кечир, сенин убактыңды алып жатам.

- Муну онлайн аукционго коёбуз, ал эми муну... Елена көрсөтмө берип жатып, абдан чарчаңкы көрүндү, бирок ал аябай бактылуу эле.

- Сен Аруукешка жөнүндөгү окуяны окудуң беле? Азыркы учурда аны Москвага жөнөтүү үчүн катуу иштеп жатабыз. Ал жакынкы күндөрү учуп кетиши керек. Үлгүрсөк экен...

3 жаштагы Арууке Исакованын баш мээсинде шишик бар экендиги аныкталган. Кыз операция жасатуу үчүн тез арада Россияга учушу зарыл. Күндөр өтүп жатат, билеттер токтоосуз сатып алынышы керек болчу. Бирок дүйнө кичине гана эмес, чоң кереметтерден дагы куру эмес. Мисалы, "Народный" дүкөнүнөн сиз көрүп жүргөн тармал чачтуу баланын сүрөтү түшүрүлгөн түссүз тунук урналар.

Фонд "Народный" соода үйү менен кызматташууну 12 жыл мурун баштаган. Бул убакыт аралыгында кичинекей урна жүздөгөн балдардын өмүрүн сактап калды. Бир караганда бул желим кичине урна "чоң жеңиштерге" жөндөмсүз сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул чоң жаңылыштык.

2018-жылы өлкөдөгү "Народный" дүкөндөр тармагына коюлган кайрымдуулук урналарынан 1 миллион 118 миң сом чогулуп, ага жашоо үчүн зарыл болгон жабдыктар сатып алынган.

Анда Елена Ивановна "Народный" дүкөнүнүн өкүлдөрүн биргеликте жасаган кайрымдуулук иштеринин жыйынтыктарын көрүшү үчүн аларды жеке өзү чакырган болчу.

- Бул эмне? ... - деп сурады "Народный" соода үйүнүн өкүлү, Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун технологияга толгон жыйындар залына карап.

- Бул биздин кутучаларыбызбы? Ушунун баарын жасадыкпы? Болушу мүмкүн эмес.

Таң калган коноктордун алдында 11 керебеттик мониторинг, УЗИ, аспираторлор, заманбап лабораториялык жабдыктары турду.

2019-жылдын 17-июнунан тартып 2020-жылдын 23-июнуна чейин "Народный" соода үйүнүн дүкөндөр тармагында жайгаштырылган кайрымдуулук урналардан 883 миң 505 сом чогултулган. Бул деген балдардын өмүрүн сактоо иши жаңы күч менен уланып жатканынан кабар берет.

"Народный" дүкөндөр тармагындагы урнадан бөлүнгөн каражат боюнча дагы бир мисал, Муса Дуйшеналиевге Санкт-Петербургдагы Павлов атындагы медициналык академиядан химиятерапия алышы үчүн 552 миң 500 сом (500 000 рубль) бөлүнгөн.

Бул "Народныйлардагы" урналардын 3 жарым жыл ичиндеги каражаттардын сарпталышы боюнча 3-отчёт. Буга чейин 470 миң сом ири жардам болгон, ал үч жыл мурун Онкология борборундагы ЖИТ (жандандыруу бөлүмдөрү) үчүн жабдууларды сатып алууга 1 250 000 сом суммасына кирген. Андан соң 1 миллион 118 миң сом 11 керебеттик мониторинг, 4 центрифуга, 4 микроскоп жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна системалары бар наристе манжеттери алынган.

Эгер сиз тармал чачтуу баланын сүрөтү бар урнага тыйын салсаңыз, ал миллионго чейин көбөйүп, кимдир-бирөөнүн өмүрүн сактап каларын билиңиз.

Бир канча күндөн кийин эртең менен адаттыгыдай эле WhatsApp’тагы каттарды карап жатып, Елена Ивановадан келген катка көңүлүм түштү.

- Кутман күн! Аруукешка учуп кетти!

Тиркелген сүрөттө "Народный" дүкөндөрүнөн кичинекей урналардын жардамы менен билетке чогултулган 26 миң 210 сом акчаны бекем кысып, бакыттан ыйлаган эненин сүрөтүн көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан