Бишкекте спортчу Вадим Мочаловдун жаркын элесине арналып жеңил атлетикалык чуркоо өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Чуркоо 22-сентябрь күнү Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бакта өткөрүлөт. Уюштуруучулар бардык каалоочулар катышса боло тургандыгын айтышууда. Айта кетсек, Мочалов 1976-жылы республика боюнча 5 чакырым аралыкты 13 мүнөт 34,8 секундда, 1973-жылы 10 чакырымды 28 мүнөт 01 секундда чуркап өтүп рекорд койгон спортчу.