Ошто Ноокат районунун тургунун тапанча менен коркутуп, 150 миң сомун карактап кетүүгө шектелген адам кармалды

Ош шаарында Ноокат районунун тургунун тапанча менен атып салам деп коркутуп, 150 миң сомун карактап кетүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү саат 06:55 чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ноокат районунун 1992-жылы туулган тургуну С.С. арыз менен кайрылган. Арызда 8-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринин жанынан белгисиз адам унаасына «сенде сөз бар» деп салып, андан соң уруп "тапанчам бар, атып салам" деп коркуткан. Андан соң Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы ээн талаага алып барып, башына кара түстөгү баштык кийгизип, коркутуп, ур-тепкиге алып, чөнтөгүндөгү 150 миң сом акчасын тартып алганын жазган.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 1986-жылы туулган тургуну А.К. аттуу жаран кармалган. Ал мурда сот жоопкерчилигине тартылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shake_shake
2020-09-09 18:37:39
Ушундай чала бандиттер кобойуп кетти озу мамлекет тез арада чара корбосо болбой калды.
+2
didu
2020-09-09 20:11:14
эл алдында атыш керек ошондо токтойт бул жэтимдер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан