Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Иннокентий Иннокентьев биринчи атаандашын утту

18-сентябрь күнү Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Иннокентий Иннокентьев  биринчи атаандашын жеңди. Ал (74 килограмм салмакта) словакиялык Дан Палинкаска каршы күрөшүп, мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде жеңишке жетти. Эми Иннокентьев 1/16 финалда кубалык Бланко Морага каршы күрөшөт. Эске салсак, Иннокентьев кыргызстандык эркин күрөш балбандарынын ичинен акыркы болуп килем үстүнө чыгууда. Буга чейин күрөшкөн Алтынбек Алымбаев, Алексей Крупняков, Улукман Маматов, Базар Базаргуруев жана Айаал Лазаревдер медаль утушкан жок. Ал эми бүгүн, 19-сентябрда эркин күрөш боюнча кыздар арасында Айсулуу Тыныбекова (59 килограмм салмакта) килем үстүнө чыгат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynar92kg
2013-09-19 09:13:18
Ийгилик силерге
0
sambo
2013-09-19 09:36:54
Аллахым ийгилик берип Кыргызстан капчагына медаль алып келишинерге тилектешмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан