Таласта алдамчылыкка шектелип 37 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-августта милицияга Талас шаарынын 1988-жылы туулган тургуну А.У. аттуу аял арыз менен кайрылган.
Арызда жабырлануучунун ишенимине кирип, ушул жылдын февраль айында акча алып, азыркыга чейин бербей жүргөн 1983-жылы туулган Т.З. аттуу аялга чара көрүүнү суранган. Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталган. Шектүү катары Т.З. аттуу аял кармалган. Ал шаардык соттун 23-августундагы чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда иликтөө иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө кармалган айымдын үстүнөн дагы башка бир нече адамдан арыз түштү.