18-сентябрь күнү Венгрияда күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында эркин күрөш боюнча эркектер арасындагы мелдештер жыйынтыкталды. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынан акыркы болуп килем үстүнө чыккан Иннокентий Иннокентьев биринчи беттеште словакиялык Дан Полинкасты жеңип, 1/16 финалда кубалык Юнески Бланко Морага жеңилип калды. Эркектер арасында жалпы командалык эсепте Кыргызстан 14 упай менен 15-орунду ээледи. Ал эми 1-орунду Иран 46 упай, 2-орунду Орусия 44 упай жана 3-орунду 29 упай менен Грузия командасы ээледи.