Ош шаарында тоноого шектелип 3 жигит кармалды

Ош шаарында тоноого шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр карактаган буюмдарды күрөөканаларга коюп, акча алып жүрүшкөн.

"Акыркы 1 ай ичинде тоноо боюнча Ош ШИИБине 7 адам арыз жазган. Арыздардын негизинде 7-сентябрь күнү кылмышка шектелип Өзгөн районунун 2000-жылы туулган 2 тургуну, Кара-Суу районунун 2002-жылы туулган 1 тургуну кармалган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан