Алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн 3 Кыргыз жараны Орусиянын аймагынан кармалды

Алдамчылыкка шектелип мамлекеттер аралык издөөгө алынган 3 Кыргыз жараны Орусиянын аймагында кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан бүгүн, 11-сентябрда кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунун 1979-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 182-беренесинде ("жалган ишкерчилик") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2018-жылдын аягында Финпол тарабынан издөөгө алынган.

Ошондой эле Чүй облусунун 1960-жылы туулган А.Г. аттуу тургуну Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө ("ири өчөмдө жасалган алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы Москва РИИБи тарабынан издөөгө алынган.

Мындан тышкары Чүй облусунун 1991-жылы туулган И.И. аттуу жашоочусу Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө ("ири өчөмдө жасалган алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан издөөгө алынган.

"Учурда издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өз өлкөсүнө жиберүү боюнча маселелер каралып жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан