"Инимди 5-6 бала сабап, жылаңачтап, тоноп, өлтүрөбүз деп коркутушкан" дейт интернет колдонуучу. Бул боюнча Ош ШИИБинин жообу

Фейсбук социалдык тармагынын Тима Умаров аттуу колдонуучусу инисин белгисиз 5-6 бала ур-тепкиге алганын жазып чыкты. "Салам туугандар. Ош шаарында биздин инибиз Н.ны 5-6 бала белгисиз себептер менен ур-тепкиге алган. Алар инимди күчкө салып, зордоп унаасына салып, каналга алып барып өлтүрөбүз деп коркутуп, бут кийимдерин чечип жылаңачтап, акчасын тоноп таштап кетишкен. Окуя Ош шаарынын Кыргыз драма театрынын жанында 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү саат 00:00 чамасында болгон. Ушул окуяны көргөн адамдар болсо зөөкүр балдарды таап, жазасын берүүгө жардам сурайбыз", - деп жазган ал.
Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан бул окуяны тастыктап, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдиришти.
"Бизге билдирүү келип түшөөрү менен ыкчам топ окуя болгон жерге барган. Учурда шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталып, кармоо иш-чаралары жүрүүдө. Ал эми 24 жаштагы жабырлануучуга бардык тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдирет басма сөз катчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jibakana
2020-09-11 16:17:53
Не эле адамдар жинди болуп барата,бирин бири олтуруп,бири бирин сабап,зордуктап,ээ Кудайым ааай
+2
Saiit
2020-09-11 16:23:23
Законго реформа кылып озгортуулорду киргизип Мындай зоокурлого Олум жазасын же омур боу турмодо отуратурган кылуу керек зоокурлор бул бир адамдын жошоосун туготоруган болду! зокур жапайылага олум алардын башын алуу керек!!! Депутаттарга ушул тееманыда козутууруу керек!!
+4
Qwer007
2020-09-11 16:38:09
Акыркы кундору шакалдар кобоюп кетти
+3
nazira...
2020-09-11 16:42:03
Берки былжырак кыз нары бери баспай, башталганда эле чакырбайбы милицияны. единицасы деле кетпейт го милицияга. Жалгыз баланы олтуруп коюшса эмне болот. Тем боле драмга жакын турат милиция, бат эле барып калышат эле. Акмактар мин куноо кылганда да мынтип кылгандары туура эмес да, коптоп. Бишкекте эки бир тууган бироону тепкилеп коюп не болушту, сабак деле болбоду жаштарга. Булардын да ишенгендери бар да, акмактар.
+1
eljana
2020-09-11 23:46:08
Бул бала менин иним болот азыр аябай оор абалда больницада
Зоокурлор жазасын алышсын
+1
amirrus
2020-09-12 09:51:57
Шакалдарга по жизненный бергиле,башкаларга сабак болгудай кылып...
+2
Jelezo
2020-09-13 10:37:24
Өлүм жазасын киргизүү керек ушуга окшогон кылмышкерлерди өлүм жазасына тартса болмок.
0
Nagim
2020-09-14 12:50:53
Бул балдар копкон экен, ишенген чонураак жерде иштеген бироосу барго дейм. Баары биригип жалгыз баланы токмоктогон эркектике жатпайт. Катындар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан