
Ош шаарында 24 жаштагы баланын сабалышына шектелип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалган балдар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Учурда дагы эки баланы кармоо иш-чаралары уланууда, териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми бул чыр кыз талашуудан улам келип чыккан", - деди басма сөз кызматынан.
Буга чейин Фейсбук социалдык тармагынын
Тима Умаров аттуу колдонуучусу инисин белгисиз 5-6 бала ур-тепкиге алганын
жазып чыккан.