Чүйдүн Аламүдүн районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү саат 20:14тө Лебединовка айылынын Ленин жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus RX300 жана Honda Accord үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Жерине ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.