Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-сентябрь күнү Ж.З. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Маалыматта Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж. экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча Ж.З. аттуу жарандан акча каражатын талап кылган. 14-сентябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалганы жазылат маалыматта.