10-сентябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда бажы кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-сентябрь күнү Кара-Суу районуна караштуу Савай айылынын 1980-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган.
"Анда 10-сентябрь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Кара-Суу районунун Октябрь айылынын көчөлөрүнүн биринде ага бейтааныш үч жаран денесине жараат келтирип, ур-токмокко алганын айтылат. Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси менен ("ээн баштык") сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү 3 жарандын бирөөсү кармалган. Ал 1982-жылы туулган Октябрь районунун тургуну болуп чыккан. Бүгүнкү күндө ага сот тарабынан камакка алуу чечими чыгып, 1 айга камакка алынган. Ал эми калган эки жаран изделүүдө. Эмне себептен урганы учурда такталып жатат", - деп билдирди Жеңиш Ашырбаев.
Жабыркаган бажы кызматкеринин милицияга билдиргенине ылайык, ал жергиликтүү бала бакчалардын биринде иштеген аялын жумуштан алып кетүү үчүн барганда аны себепсиз сабап кетишкен.
Ош облустук ИИБи жабырлануучунун денесинен соттук экспертизанын жыйынтыгында шишиктер, көгөргөн жерлер аныкталганына байланыштуу ал бүгүнкү күндө ооруканада экендигин кошумчалады.