Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде өрт чыгып, 71 жаштагы жаран денесинен күйүк алды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан бүгүн, 15-сентябрда кабарлашты.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, 14-сентябрда аталган райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан өрт чыгып, үй тиричилик буюмдары күйгөн (отургуч, жылыткыч, 2 терезе, эшик).
"Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган эркек киши III даражадагы күйүк алып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Абалы оор. Учурда өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти мекемеден.