Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Буура дарыясына унаа түшүп кетип, 2 адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусу Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.
Унаада 3 адам болгон. Алардын бири 1974-жылы туулган жаран аман калып, жолдо бара жаткан унаа менен Ош облустук ооруканага жеткирилген. Ал эми 1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 3 куткаруучу тартылып, саат 22:30да түн киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 15-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.