"Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган долбоор кыргыз тараптын кызыкчылыгына жооп береби?

Өкмөт менен канадалык “Центерра Голд” компаниясы “Кумтөр” боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, соңунда меморандум түзүлдү. Ага ылайык, “Кумтөрдөн” түшкөн пайда эки тарапка 50x50 пайыздан бөлүнөт. Ишкананын Директорлор кеңешинин төрагасы Кыргызстандын өкүлү болорун өкмөт айтууда. Меморандумдун тегерегинде талаш-тартыш күч.

“Өкмөт мыкты иштеди, меморандум кыргыз тараптын талабына төп келет” дегендер, тескерисинче, “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын пайызы 70 пайыздан кем болбошу керек болчу, дагы эле коррупциялык иштер болду" деген пикирлер айтылууда.

Айта кетсек, "Кумтөр" боюнча түзүлгөн алгачкы келишимде Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. Кийин келишим улам өзгөртүлүп отуруп өлкөнүн алчу үлүшү 33 пайызга чейин түшүп калган. Бул маселе боюнча айрым инсандар пикирин айтышты. 

 

Өкмөт менен “Центерранын” сүйлөшүүсүнөн кийинки түзүлгөн меморандум, пайданын теңме-тең бөлүнүшү кыргыз тараптын кызыкчылыгына жооп береби?

 

Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты:  

- Өкмөт "Центерра" менен сүйлөшүүдө башынан эле туура эмес жолду тандап алганы тастыкталды. Жогорку Кеңеш "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек деп жатса, өкмөт барып 50 пайыз сураптыр. Анысы аз келгенсип сүйлөшүү кызуу жүрүп жаткан учурда президент Атамбаев теледен маек берип, "үлүштү 50 пайызга жеткирсек чоң жетишкендик" деген сөз айтты. Президенттин, өкмөттүн "50 пайыз болсо жетет" деген сөзүн укккан "Центерра" үлүштү 50 пайыздан ары көтөргөн жок. "Ата Мекен" фракциясы жаңы түзүлгөн меморандумду колдобоо чечимин кабыл алды. Менимче, парламент деле колдобойт. Денонсациялоого барышыбыз керек. Эгер кыргыз эли, жогорку бийлик биригип, бекем турсак денонсациядан коркууга негиз жок. Тескерисинче, президентибиз баш болуп коркуп "эл аралык соттон утулуп калабыз" деп кыйкыра берсек, анда өзүбүздүн байлыгыбызга өзүбүз ээ боло албай жүрө беребиз. 

 

Аликбек Жекшенкулов, экс-министр:    

- Меморандум Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр жооп бербейт. Өкмөт элди алдап, баягы эле коррупциялык схемалар иштеп жатканы оркоюп көрүнүп калды. Жөнөкөй мисал келтирейин: 1993-жылкы келишимде кыргыз тараптын үлүшү 67,3 пайыз болчу. Бул учурда комбинат курула элек эле, аны курууга канадалык тарап 500 миллион доллар кредит алган болчу. Ошол учурда алтындын баасы арзан болчу. Азырчы? Ишкана турат, кредит деген нерсе жок. Алтындын баасы ал кездегиден 4-5 эсеге кымбаттады. Мына, түшүнгөн адамга ушул мисал гана жетиштүү. Мен дипломатмын, бул сөздөрдү асмандан алып эле айтып жатканым жок, көптөгөн чет элдик дасыккан адистердин пикирлерин уктум. Кыргызстандын ишканадагы үлүшү 70 пайыздан кем болбошу керек. Кенди Кыргызстан өзү эле иштетсе болот, экспанция деп коёт, чет элден инженерлерди чакырып келип иштете берсек болот. Дүйнөдө мындай практика көп. 

 

Табылды Акеров, серепчи:

- Кыргызстандын кызыкчылыгына толук жооп берет деп айтканга болбойт, мурункуга салыштырмалуу жетишкендиктер болду. Негизи, “Кумтөрдөгү” кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк көп болчу. Менимче, бул маселе Аксы окуясындагы “Бекназаровду бошоткула” деген сыяктуу болуп Жети-Өгүз элинин талабы менен ишке ашкан көрүнүш болуп калды. Меморандум түзөрдө өкмөт Кыргызстандын үлүшүн 50 пайыз кылып, бирок 1-2 жылдын ичинде калган пайызын кыргыз тарапка сатууга “Центерраны” милдеттендирсе болмок. Айтор, варианттар көп. Ал эми денонсация боюнча: өкмөт “эл аралык соттон утулуп калабыз” деп элди коркутууда, бул туура эмес. Иранда 1962-жылы бийлик алмашканда жаңы бийлик өлкөдөгү көптөгөн ири ишканаларды улутташтырууга барган. Ошондо дүйнө өлкөлөрү экиге бөлүнүп, жарымы Иран туура кылды десе, жарымы туура эмес кылды деп чыгышкан. Бирок бара-бара бул көрүнүш унутулуп, азыр Иранда эң ири күчтүү компаниялар иштеп жатат. Биз да коркпой ушундай кадамга барсак болот, дүйнө өлкөлөрүнүн баары бизден чочулап отуруп калбайт. Тескерисинче, бизди колдогон өлкөлөр да көп болот.   

 

Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты:

- Бул меморандум Кыргызстандын талабына азыркы учурда жооп берет. Балким, кийин өлкөнүн потенциалы өсүп, кырдаал башкача болуп калган учурда жооп бербей калышы мүмкүн. “Кумтөрдөгү” пайданын 50x50 пайыздан бөлүнүшүн жетишкендик деп айтсак болот. Эгер Кыргызстандын үлүшүн 70 пайызга чейин көтөрсөк, анда ишкананы кыргыз тарап иштетиши керек болот, буга азыр өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жок. Алтын кен иштебей токтоп калышы толук мүмкүн. Мен буга чейин айтып келгем “Кумтөрдүн” ушул абалга келишине Кыргызстандагы бир ууч аткаминерлер жооптуу. Аткаминерлер талапты катуу коюп, мыйзам менен иш жүргүзгөндө "Кумтөрдө" азыркыдай абал жаралбайт болчу. Күнөө башкаруучуларда, а биз болсо ишкерлерди күнөөлөп жатабыз.

 

Айылчы Сарыбаев, экономист:

- Меморандумдун тегерегинде ызы-чуу кылуунун кереги жок, бул өкмөт жасай турган кадимки иш болчу. “Кумтөрдөгү” кыргыз тараптын үлүшүнүн 33 пайыздан 50 пайызга көтөрүлүшү алдыга жылыш. Директорлор кеңешинин төрагасы кыргызстандык өкүл болушу да жылыш. Бирок туура эмес жери салык саясатынын мурдагы бойдон калганы болду. Башка кирешелеринен да ишкана төлөгөн салык маанилүү болчу. "Кумтөрдөгү" иш жыл сайын оорлошо берет, анткени алтындын каймагын алып бүтүп, көк сүтү гана калды. Аны казып алууга опол тоодой күч жумшалат. Анан канадалыктар да "саруулуктар нааразы болуп жатат" деп эле биздин талаптарга макул коё болбойт, бул турган иш. Алтын бар жерде уруш болот, жаңжал чыгат, керек болсо кан төгүлөт. Өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда чет элдик компаниялар менен иштешкени, алардын айтканы боюнча иш алып барганы мага жаккан жок.  

Ал эми мурунку келишимди денонсация кылабыз деп жапайычылыкка барбашыбыз керек. Өзүбүздүн гана талапты коё берсек, анда биздин эмнебиз мамлекет? Анда бизге чек аранын, туунун, гербдин эмне кереги бар? Бул маселеде кокту-колоттогу бирөө-жарымдын кызыкчылыгын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгын эске алуу өтө маанилүү.  

 

Каныбек Иманалиев, ЖКнын депутаты:  

- Кыргызстандын талабына жооп бербейт. "Кумтөр" маселеси боюнча биз денонсациялоо процессин башташыбыз керек. Туура, айрым эл аралык финансылык уюмдар бизге кысым көрсөтүшү, эл аралык соттон утулуп калышыбыз да мүмкүн. Бирок биз ушул кадамга барбасак болбойт. Кыргызстандын жараны катары да, депутат катары да бул меморандум мени канааттандырган жок. Жок дегенде кыргыз тарап "Кумтөрдүн" пайдасынын 51 пайызына ээлик кылып, башкарууда үстөмдүк кылышы кажет. Ал эми ишкананы 100 пайыз мамлекетке алуу бул реалдуу талап эмес, ишке ашышы күмөн. 

  

 

 

   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан