Ошто унаа болжолдуу 50 метр бийиктиктен кулап түшүп, айдоочу каза болду

Ош-Исфана унаа жолунда жеңил унаа жардан кулап кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 11-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында болгон. Анда Ош-Исфана унаа жолунда, тактап айтканда, Кайрагач айылында Toyota Prius унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып болжолдуу түрдө 50 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1976-жылы туулган айдоочу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2020-09-15 21:20:46
Иии көр тирилик кан жол канча адамын өмүрүн алып жатат. Узак жолго чыкканда шашпай жолдун четине токтоп укьап алгылачы жана да катуу айдабагылачы коутой поворот деген көп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан