Кыргызстандын бильярд боюнча курама командасынын капитаны Каныбек Сагынбаев Орусияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугун жеңиш менен баштады. Алгачкы беттеште украиналык Александр Бойко менен беттешип, 7:6 эсебинде жеңди. 1-турда Бойко кыргызстандык Антон Нетесовду (7:1) эсебинде жеңип алган эле. Сагынбаевдин кийинки атаандашы Молдованын спортчусу Семён Унтилов болмокчу.