Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштайм деген жигитти милиция куткарып калды

Бишкекте белгисиз жигит өз жанын кыйгысы келген. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-сентябрь күнү саат 16:30 чамасында белгисиз жаран Рыскулов жана Ала-Арча көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштоого аракет кылган.

Айтылган дарекке Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери барып, боюн таштагысы келген жаран менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны бул оюнан кайттырган.

Учурда окуянын келип чыгуу себептери аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан