Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Шектүүлөр эркек кишини курсакка атып, дагы бир үй-бүлө мүчөлөрүн ур-токмокко алып, акча талап кылышкан

Жалал-Абад облусунда курал колдонуп оор кылмыш жасаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

27-июлга караган түнү саат 04:35 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынан Жалал-Абад шаарынын 59 жаштагы тургуну ок атуучу куралдан денесинен жаракат алып түшкөндүгү тууралуу кабар берилген.

Ошол замат Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Окуя 27-июлга караган түнү болжол менен саат 02:45 чамасында Сузак районундагы Бишкек-Ош жолунда жайгашкан газ куюучу жайлардын биринде орун алган. Жалал-Абад шаарынын 1961-жылы туулган тургуну Б.Т. жумуш ордунда уктап жаткан кезде бет кап кийген белгисиз эки жаран келип, көзүнө газ чачып, тапанча менен ичине бир жолу атып, денесине жаракат келтиришкен. Алар жабырлануучудан акча талап кылышып, андан соң окуя болгон жерден из жашырышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Кара-Суу районунун К.Ж. аттуу 22 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынган. Ал эми дагы бир шектүү катары Базар-Коргон районунун А.Ф. аттуу 25 жаштагы тургунун кармоо иш-чаралары жүрүүдө. Ал дагы мурда оор берене менен сот жоопкерчилигине тартылган.

7-август күнү Базар-Коргон районунун 1957-жылы туулган Х.Ж. аттуу тургуну милицияга арыз жазган. Анда 6-августтан 7-августка караган түнү саат 03:00 чамасында анын үйүнө жашы 25-30 чамасындагы үч жаран бет капчан келип, үй ээсин, аялы жана баласын кошуп байлап, уруп акча талап кылышкан. Аларга караштуу дүкөндөн 2 миң сомго жакын акчаны алып чыгып кетишкендиктен кылмышкерлерди таап мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун 1998-жылы туулган, мурда соттолгон К.Ж. аттуу тургуну кармалган.

Тергөөдө шектүү кылмыш жасаганга колдонгон куралдарды Базар-Коргондук Сирожидин аттуу кишиден алып, окуядан кийин кайра алып барып бергенин айткан. Кылмыштуу топту курал менен камсыздаганга шектелип, мурда соттолгон ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Базар-Коргон районунун 44 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну кармалган. Анын жашаган үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада 2 даана ок атуучу курал, аларга тиешелүү бир топ ок-дарылар алынган. Шектүү 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-16 11:44:15
Сакалчан и топу кийгендерди корсонор ыймандуу деп ишене бербеш керек болуп калды. Жакшынын кейпин кийип, кылгылыктын баарын кылгандар кобойду. Ар бир арам жол менен тапкан тыйынга кудай астында жооп берет!
Жабырлануучу тиги дуйнодо ар бир тыйыны учун зоокурдун таразасынан очко алганга укуктуу деп уктум эле.
+3
Kyrgyz_bloger
2020-09-16 12:18:17
Олкону бандиттерден тазаламайынча биз онукпойбуз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан