Баткенде бир тууган агасынын өлүмүнө шектелип иниси кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
12-сентябрь күнү Баткен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө белгисиз себептен улам каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Баткен РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин аныкташкан.
"Териштирүүдө маркум бир тууган иниси тарабынан жаракат алып, каза болгондугу аныкталган. 63 жаштагы маркум Кыштут айылында 81 жаштагы апасы менен бир үйдө жашагандыктан анын бир тууган 46 жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу ур-тепкиге алып, муунтуп салган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.