Орусиядан Кыргызстанга акчаны кандай жөнөткөн ыңгайлуу?

Бүгүнкү күндө мобилдүүлүк жана ылдамдык финансылык кызматтарды ыңгайлуу пайдалануу үчүн аныктоочу фактор болуп саналат.

Компаньон Банкы жана Сбербанк Россия өз кардарлары үчүн акча каражаттарын жөнөтүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып жатат. Эми "Сбербанк Онлайн" тиркемесинин пайдалануучулары Компаньон Банкынын VISA жана Элкарт төлөм карталарына телефон номери аркылуу акча которо алышат. Бул сервис кардарлардын убактысын кыйла үнөмдөйт, анткени жөнөтүүчүгө да, алуучуга да банктын бөлүмүнө баруунун зарылчылыгы жок.

Акча жөнөтүүчү тарап кайда болбосун “Сбербанк Онлайн” тиркемеси аркылуу акча которуу дароо ишке ашат. Компаньон Банкынын кардарлары (акча алуучулар) бүткүл Кыргызстан боюнча жайгашкан шериктеш банкоматтардын кеңири тармактары аркылуу акчаларын накталай ала алышат.

Орусиядан «Сбербанк Онлайн» тиркемеси аркылуу акча которуулар боюнча инструкция:

Кошумча маалыматты Компаньон Банкынын www.kompanion.kg расмий сайтынан окуңуз же кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан