Унаа дарыяга кулап, изделип жаткан таята менен небере. Ош ОИИБи окуянын чоо-жайын айтты

Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен унаа боюнча окуянын чоо-жайын облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Күндү-Дөбө айылындагы унаа кырсыкка кабылган оор жүк ташуучу Хово үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу качкан эмес. Hyundai Porter унаасы менен Хово унаалары кагышып, натыйжада Hyundai Porter Ак-Буура дарыясына кулап кеткен. Анын ичинде 3 адам келе жатканы такталган. Бул кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа жайлоодон мал, ал эми Хово көмүр жүктөп келе жатышкан. Айдоочулар бир дөң жерден бири-бирин көрбөй калып кагышып кетишкен. Натыйжада Hyundai Porter артка кетип, анда Араван районунун тургуну түшүп калууга жетишкен. Айдоочу менен анын 4 жаштагы небереси мал менен кошо дарыяга кулап кеткен. Учурда таята менен неберени издөө иштери уланууда", - деди басма сөз кызматынан.

Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адам болгон. Алардын бири 1974-жылы туулган жаран аман калып, жолдо бара жаткан унаа менен Ош облустук ооруканага жеткирилген. Ал эми 1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aelitaaelita
2020-09-16 20:05:01
Жүрөгүм ооруйт да ушундай жаңылыктардан. Баарыбыз кырсыктан алыс болсок экен
+4
nazira...
2020-09-16 21:06:47
Табылып аман калышса экен. Ошо малын сатканы небереси менен бараткан да, сатып акчасына ошо небеоесине бир нерсе алып берем десе керек да. Акырын эле айдашса не болот дейм да, шашышат эле шашышат, дагы баштарын чыгарып алып кыйкырышканычы, эч сабыр жок да биздин шоферлордо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан