Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол эрежесин бузган айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү Каракол шаардык милициясына шаар тургуну тарабынан уюлдук телефонуна тартылып алынган видео тасма келип түшкөн. Анда Субару Форестер унаанын айдоочусу Абдрахманов жана Пржевальский көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол тилкесинде жогорку ылдамдыкта айдап, кооптуу абалды жаратканы тартылган. Ал эми аталган жол тилкесине, жакынкы арада эле жаӊы асфальт төшөлүп, ишке берилген.
Аталган билдирүү Каракол шаардык милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 16-сентябрь күнү айдоочунун ким экендиги аныкталган. Ал Каракол шаарынын 25 жаштагы А.А. аттуу тургуну болуп чыккан. Айдоочуга карата, "Автобейбаштык" беренеси менен протокол түзүлүп, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Ошондой эле айдоочуга салынган айып пулдан сырткары, жаӊыдан чийилген жол чийиндерине зыян келтиргендиги боюнча да тийиштүү материалдар чогултулуп, шаардык милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн жиберилген.