"Добушуңду катпа, чалкалап үйүңдө бекер жатпа". Кыргыз рэперлери шайлоого катышууга чакырык таштаган ыр жаздырышты

Кыргыз рэперлери Баястан, Фейжи (Дастан Назарбаев) жана Enot MC (Олег Машуков) парламенттик шайлоого карата чыгарма жаздырып, клип тарттырышты. Ыр "Добуштун күчү" деп аталып, анда ар бир жаранды алдыдагы шайлоого катышууга чакырык ташталган.

Авторлордун бири Баястан чыгарма тууралуу буларга токтолду.

"Шайлоого катышпайм дегендерди кездештирип жатабыз. Чыгарма аркылуу шайлоого катышуу ар бирибиздин жарандык милдетибиз экенин билдирип, жеке жана туура тандоо менен добуш берели деген чакырык таштадык.

Ырдын сөзү, обону өзүбүзгө таандык. Аткаруучулар өзүбүз жазган текстти өзүбүз ырдадык. Чыгарманы толук иштеп чыгып, көрөрмандарга тартуулоого 2 аптадай убакыт кетти", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekalife
2020-09-16 23:24:06
Реп эч жакпайт мага. Кандай адамдар угат мындай жосунсуз ырларды
0
AidaKurman
2020-09-17 18:39:04
Добушумду эч кимге бербейм. Уйдо бекер жатканым жок, балдарымдан уй тиричиликтен кол бошобойт, туну кантип уктап калганымды да билбейм.Я против всех!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан