Чүйдүн Кемин районунда милиция кызматкерлери унаа уурдаганга шектелген 29 жаштагы кызды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү 25 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө унаа Токмок шаарынын аймагынан табылган. Аны ичимдик ичип алган кыз башкарып жүргөн.
"Териштирүү иштеринде 4-сентябрь күнү жабырлануучу Кеминге кетип бара жатып, жол тосуп турган кызды ала кеткен. Жолдо алар ичимдик ичүүнү пландашкан. Шектүү айдоочунун уктап калгандыгынан пайдаланып, унаанын ачкычын анын чөнтөгүнөн алып, айдап кеткен. Кармалган 29 жаштагы кыз Кемин РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.