Футбол боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 2014-жылы Таиландда өтүүчү Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу футбол федерациясы маалымдайт. Буга чейин аталган оюндар Ош шаарында өтөрү айтылып, АФК (Азия футбол конфедерациясы) тарабынан жактырылган эле. Ал эми Кыргызстан курама командасы "F" тайпасында Катар, Оман, Бангладеш курама командалары менен ойнойт. Таиландда өтүүчү финалдык бөлүккө өз тайпаларын жеңген 10 команда жана экинчи орундагы мыкты делген 5 команда жолдомо алат. Кыргызстан курама командасы биринчи беттешин 25-сентябрда Оман командасына каршы өткөрөт. Беттеш Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 16:30 башталат.