Атактуу орусиялык мушкер Александр Емельяненко июль айында мекендеши Магомед Исмаилов менен болгон беттеште жеңилүү ызасын тарткандан кийин ичкиликке берилип кеткени айтылууда. Бул тууралуу Ахмат Абсолюттук Чемпионатынын башчысы Алексей Яценко орусиялык басылмаларга билдирген.
"Менимче, Александр жеңилүү ызасын тарткандан кийин спирт ичимдиктерине берилип кеткен. Магомед Исмаилов менен болгон беттештен кийин аны аэропортто эле мас абалда экендигин байкашкан", - деген Яценко.
39 жаштагы Александр Емельяненко жалпы карьерасында 39 беттеш өткөргөн. Анын ичинен 28 жолу жеңүүчү аталса (5и нокаут менен), 8 жолу жеңилүү ызасын тартып, 1 жолу тең чыккан.
Ал акыркы беттешин 24-июлда Магомед Исмаиловго каршы өткөрүп, беттештин 3-раундунда техникалык нокаут менен жеңилген.