Бишкекте бүгүн, 17-сентябрда жүргүнчү ташыган №215 маршруттук такси жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 10:00 чамасында Калык Акиев жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде №215 жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталганы айтылат. Жол кырсыгынан маршруттук таксидеги 3 жаран жабыркап, алар "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилгени маалымдалат.