Түркиянын Коджаэли шаарында 20 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда 6-тур жыйынтыкталды. Кыргызстандык Жохар Жанбай уулу мелдеш кожоюну Серкан Сойсалды утуп, мелдеш алкагындагы 3-жеңишине жетти. Бул жеңишинен кийин Жохар Жанбай уулу 3 упай менен 117 катышуучунун ичинен 63-орунда. Ал эми кыздар арасында 6-турдун жыйынтыгы боюнча Айжаркын Шынгыс кызы 2 упай менен 77 катышуучунун ичинен 62-орунду ээлесе, Айжан Алымбай кызы 1,5 упай менен 71-орунда келе жатат. Эске салсак, Дүйнө чемпиондугунун алкагында бардык спортчулар 13 беттеш өткөрөт.