Бүгүн, 17-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда экс-министр Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда сот кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.
Шалаакылыкка жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаев кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.