Кыргызстандыктар Түркияга же Өзбекстанга саякатка бара алышат. Бирок бардыгы эле жолго акча топтой алышпаса керек. "Бакай Банктын" насыя картасы дал ушундай кырдаалда көмөкчү болот. Аталган насыя картасына 5 жолку эмгек акыны топтоого болот. Карантинден кийинки биринчи саякаты жөнүндө "Бакай Банктын" маркетинг бөлүмүнүн башчысы Зарема Султанбекова айтып берет.
"Эгер сиз "Бакай Банктын" кызматкери болсоңуз, анда 5 жолку эмгек акыңызды сактоого мүмкүн болгон насыя картасын алуу үчүн арыз жазууңуз керек. Элкарттын негизинде чыгарылган жогорудагы картаны колдонуу жана тейлөө акысыз болот. Эгерде сиз насыя картасын бир гана шашылыш чыгымдарга каражат топтоо үчүн колдонсоңуз пайыздарды төлөөнүн кажети жок. Насыя картасын Visa'нын негизинде алууга болот, бир жылдык кызмат үчүн 300 сом төлөшүңүз керек".
"Бакай Банктын" насыя картасы тууралуу кененирээк маалымат:
Башка кардарлар үчүн, тагыраагы банктын кызматкери болбогон жарандарга кредиттик картаны алуу
кыйын эмес: 50 миң сомго чейин лимит ачуу үчүн күрөө да, кепил да талап кылынбайт, сизге айлык маянасы
же башка киреше булагын тастыктаган аныктама керек. Мындай кардарлар үчүн каражат топтоонун чеги - 2 эмгек акыга чейин. "Мага насыя картасы билет алууда көмөкчү болду. Бишкектен Стамбулга жана кайра кайтууга 39 миң 983 сомго билет алдым. Мен билеттерди 11-сентябрда сатып алдым - бул маанилүү, анткени:
Насыя картадагы каражатты колдонуунун биринчи айы пайызсыз болот. Банктан авансты айдын 15инде,
айдын аягында - калган эмгек акыны алабыз. Эгерде мен карызымды 30-сентябрга чейин төлөп берсем, анда насыяга пайыз төлөбөйм, бул мен үчүн досумдан карыз алгандай эле болот! Мен Стамбулга шашылыш түрдө учуп кетишим керек болчу, ошондуктан авансты күткөн жокмун. Карта аркылуу алынган насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн эч кандай айып пулдар жок экендигин эске алып, мен картанын жардамы менен айлыгымды мөөнөтүнөн мурда пайдаландым деп ишенем.
Эгер убагында төлөөгө үлгүрбөй калсам, анда мен ай сайын негизги сумманын 10 пайызын жана үстөк пайызды төлөп турам. Насыя картамдагы лимит 39 миң 983 сомдон ашкандыктан мен ыкчам насыяларды колдонууну уланта алам. Мисалы, Стамбулда бир нерсе болуп, мага шашылыш түрдө акча керек болуп жатса, анда мага бир гана банкоматты табуу керектелет". Сякаттоо менен бирге коопсуз төлөмдөрдү кантип ишке ашырса болот?
"2018-жылы Түркияда бир окуя болгон. Анда Кыргызстандагы банктардын биринде ачылган
картамдын деталдары уурдалып, түн ичинде компьютердик оюндарга лицензия сатып
алуу үчүн 800 доллар чегерип алынган. Кийин карта ачкан банк акчаны кайтарып берди, бербей койгонго деле шарттуу болчу. Анткени интернет төлөмдөрүн ачуу менен кардар маалыматтардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат".
Саякаттоо учурунда акчаңызды кантип коопсуз сактоо керектиги боюнча бир нече кеңеш бар:
* Онлайн төлөмдөр жана саякат үчүн өзүнчө карта ачыңыз, ага ири суммадагы акча сактабаңыз.
Бул 3D Secure менен Visa картасы болушу керек. Мындай карталарды "Бакай Банктан" алууга болот;
* Күндөлүк эсепти 100 сомго ачыңыз. Интернет аркылуу же чет өлкөгө барганда онлайн режиминде төлөмдөрдү ишке ашырууда картага акча которуңуз;
* Bakai24 мобилдик банкингинен онлайн сатып алуулар үчүн насыя картасына акча которо аласыз;
* Бир нече банктардан карталарды ачуу. Эгерде эмгек акысы которулган картасы болсо, анда башка банктан
кошумча картаны ачыңыз. Бул сиздин эмгек акыңыздын 2-5 бөлүгүн камтыган "Бакай Банктан" насыя картасы
болушу мүмкүн;
* Чет өлкөгө чыгууда "Бакай Банктын" Visa карталарын колдонууда эч кандай чектөөлөр жок: банкка келип, кайсы өлкөгө барсаңыз ошол жактан сиз үчүн төлөмдөрдү ачууну сурануунун кажети жок;
* Контактсыз ыкма менен төлөөгө аракет кылыңыз. Бул маалыматтарды уурдоо коркунучун азайтат. "Бакай Банктын" Visa карталары дал ушундай функцияга ээ;
* Карталарыңызды сүрөткө тартпаңыз, официанттарга жана мейманканалардын администраторлоруна бербеңиз. Карта бир гана өзүңүздүн колуңузда болушу керек.
Насыяны кайра жаңылоо
Насыя картасы кадимки үзгүлтүксүз керектөө насыясына салыштырганда:
* Бир эле ирет документтерди чогултуп, 2 жыл бою ыкчам насыяларды колдонуу;
* Акча ар дайым колуңузда, күтүлбөгөн чыгымдарга туш болгондо, акча каражаты бар экенине ишенимдүү
болосуз. Болгону банкоматка баруу кажет.
* Пайыздар лимиттин колдонулган бөлүгүнө гана чегерилет. Эгер акча сарптабасаңыз, анда эч нерсе төлөнбөйт.
* 50 миң сомго чейинки лимитти ачуу үчүн күрөө да, кепил да талап кылынбайт.
* Bakai24 мобилдик банкинг аркылуу насыяны төлөй аласыз.
* Максаттуу тастыктоонун кереги жок - акчаңызды эмнеге жумшоону өзүңүз чечесиз.
* Мөөнөтүнөн мурда төлөө боюнча айып санкциялары жок. Насыя ЭЛКАРТ же VISA карталарында ачылат.
"Бакай Банк" мындай карталарды жеке адамдарга, пенсионерлерге, жеке ишкерлерге сунуштайт.
Кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн азыр чалыңыз (күнү-түнү):
Байланыш номерлери: 6111, +996 554 006 111 (WhatsАpp).