Ош облусунун Ноокат районунда 50 метр бийиктиктен унаа кулап, анда таята менен небере изделип жаткан. Кечээ, 17-сентябрь күнү издөө иштеринде саат 16:00дө 1956-жылы туулган кишинин жансыз денеси суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын кызматкерлери жансыз денени туугандарына өткөрүп беришкен.
Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адам болгон. Алардын бири 1974-жылы туулган жаран аман калып, жолдо бара жаткан унаа менен Ош облустук ооруканага жеткирилген. Ал эми 1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымдалган.