Кочкордо оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, 2 адам жабыркады

Нарын облусунун Кочкор районунда жүк ташыган унаа оодарылып кетип, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү саат 10:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Окуя болгон жерге ӨКМнын №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин, жабыркаган адамдар жолдон өткөн унаалар аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан