ИИМ баңги заттарды мыйзамсыз жүгүрткөн жарандарды кармоо боюнча атайын операцияларды ийгиликтүү жүргүздү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан акыркы бир нече күндүн ичинде мыйзамсыз 30 килограммдан ашык баңги заттары табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында гашиш баңги затын өзгөчө ири өлчөмдө сатууну көздөгөн 1985-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалган. Шектүүдөн кара куурай жыттанганган, өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү таңгактар салынган баштык алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 10 килограмм 195 граммды түзгөн.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алынган баңги заттардын баасы болжол менен 40 миң долларды түзөт.

Ошондой эле кызматкерлер Жалал-Абад облусунда дагы баңги заттардын ири партиясын сатууга бөгөт коюшту. Анда кызматкерлерге кебетеси азиялык болгон болжол менен 35-40 жаштардагы адам өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдө деген маалымат келип түшкөн. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында, баңги заттарды өзгөчө ири өлчөмдө сатууну көздөгөн 1983-жылы туулган А.Д. аттуу тургун кармалган. Унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда өзгөчө жыты бар баштык табылган. Соттук-химиялык эскпертизанын жыйынтыгы менен жогорудагы баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 34 граммды түзгөн героин баңги заты бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ушуга катар эле Жалал-Абад облусунун аймагында марихуананы ири өлчөмдө сатууну көздөгөндөрдү кармоо боюнча дагы бир атайын операция жүргүзүлгөн. Натыйжада Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан ири өлчөмдөгү баңги заттарды сатууга аракет кылган 1997-жылы туулган Т.Б. аттуу тургун менен мурда соттолгон 1977-жылы туулган А.К. аттуу тургун кармалган.

Унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда 20 килограмм 816 грамм өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү марихуана салынган кап табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан