Кыргызстандык спортчу Руслан Исмаилов ок атуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондугунда алтын медаль утту
Кыргызстандык спортчу, 2008-2012-жылдардагы Олимпиада оюндарынын катышуучусу
Руслан Исмаилов Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында пневматикалык тапанчадан ок
атуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондугунда алтын медаль утту. Бул тууралуу ок атуу
боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Тахир Исмаилов
билдирет. Ушул эле мелдеште дагы бир кыргызстандык спортчу Аскат Токмоков коло
медаль жеңди.