Таласта аюуну мамалагы менен атканга шектелген жаран үй камагына алынды

Таласта аюуну мамалагы менен атып, этин жана терисин алып бара жатканда кармалган жаран үй камагына алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Бакай-Ата райондук соту чыгарган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин Бакай-Ата районунун 36 жаштагы К.У. аттуу тургуну 12-сентябрда саат 00:30 чамасында Талас ОИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Текшерүүдө анын унаасынан 2 аюунун башы, эти жана ок атуучу куралы табылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Табылган аюулардын териси жана эти далил зат катары алынып, аңчылык кылуу департаментине өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chex
2020-09-18 16:08:47
Жакшы иш кылбапсынго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан