Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылындагы милиция кызматкерлерине кол салуу боюнча облустук милиция окуянын чоо-жайын айтты.
Маалыматка ылайык, аталган айылда саат 14:15 чамасында жашы болжол менен 40-45 жаштардагы эркек киши мас абалда милиция кызматкерлерине кол салган. Натыйжада Аламүдүн РИИБинин кызматкери денесинен жаракат алган.
Кызматкер менен аларга кол салган адам ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Анда кызматкерлерге кол салган адам 51 жаштагы С.Д. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталган.
Буга чейин Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында белгисиз жаран эки милиция кызматкерине кол салганы маалымдалган.