Баңги кылмыштуулугу үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын сентярбь айынын ортосунда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаранды кармашкан.
"Такталган маалымат боюнча КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болгон 1970-жылы туулган Б.Ш. Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 296 жана 286-беренелери боюнча баңги кылмыштуулугу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жашынып жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.