“Актобе” клубунун дарыгери Сергей Елисеев Алматыда сабалып, бүгүнкү күндө ооруканада жаткан кыргыз футболунун тарбиялануучусу Эмил Кенжесариевдин абалы жөнүндө төмөнкүлөрдү айтат. Сергей Елисеев: “Эмилдин абалы жакшырууда. Азыр Эмил өз алдынча басып, тамашалап сүйлөп калды. Эгер дарылоо процесси жакшы өтсө, Эмилдин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн 1 жылдай убакыт кетет. Бүгүнкү күндө ал эч кандай дары-дармек жана башка нерсеге муктаж эмес. Алдыда Эмил ден соолугун калыбына келтирүү үчүн Израиль же Германияда дарылоо курсунан өтөт”,- дейт. Ал эми “Актобе” клубунун президенти Сагат Енсегенулы “Эмилди клуб колдоосуз калтырбайт. Кандай гана кызматка болбосун, жумушка алууга даярбыз” десе, командалашы Самат Смаков: “Эмилдин абалы күндөн-күнгө жакшырууда. Кээ бир журналисттер Эмилдин абалы жөнүндө туура эмес маалыматтарды таратууда. Эмил азыр өз алдынча басып, тамашалашып калган. Кээ бир маалыматтарда Эмил сабалган убакта жанында мени болгон деп айтылууда. Эгер ошондо Эмил менин жанымда болгондо мындай окуяга туш болбойт болчу. Учурда Эмилдин жанында досу Рустам жана чоң апасы бар. Алдыда Эмил ден соолугун калыбына келтирүү үчүн бир топ дарылоо курстарынан өтөт. Ага канча каражат сарпталса, баарын тапканга аракет кылабыз”,- дейт. Эске салсак, Эмил 11-августта Алматыда белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалган. Көп өтпөй, Эмилди сабаган деп шектелип 20 жаштагы Бейбит Узакбай аттуу жаран кармалган.