Азамат Байматов: "Сүйүктүүм менен социалдык түйүндөр аркылуу таанышкам"
Эки жаш жана курбу, достору
Азамат Байматов сүйүктүүсү менен
Бүгүн, 19-сентябрда кыргызстандык белгилүү футболчу Азамат Байматов үйлөндү. Азамат келинчеги Айжан менен интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу быйыл апрель айында таанышып, июль айында баш кошуу сунушун киргизгенин айтты. "Биз айрымдардай болуп жылдап сүйлөшкөн жокпуз",- дейт футболчу. Азамат Байматовдун үйлөнүү тоюнан эксклюзивдүү репортажды "Супер-Инфонун" 27-сентябрда жарык көрө турган санынан окуй аласыздар.