"Мекеним Кыргызстан" партиясы Аравандагы окуя боюнча билдирүү таратты.
"20-сентябрда аталган партиядан депутаттыкка талапкер Ильхом Маннанов Ош облусунун Араван районундагы шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатканда, күтүүсүз жерден иш-чара чагымчылдар тобу тарабынан үзгүлтүккө учураган. Алар партиянын иш-чарасынын катышуучуларын уруп башташкан. Жыйынтыгында "Мекеним Кыргызстан" партиясынын бир канча тарапташтары жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын бири Ош облустар аралык бейтапканасында оор абалда жатат. Айрым ЖМКлар бул окуядан алыс болгон укук коргоо органдарынын маалыматына таянып, маалымат таратып жатышат. Ошону менен катар эле социалдык тармактарда партиянын атынан фейк маалыматтар таратылууда. Окуя болгон жерден тартылган видео бар, ал жерде окуя чынында кандай болгону көрүнүп турат. Бизге белгилүү болгондой, бул факты "бейбаштык" беренеси менен каттоого алынды. Биз бул иш бейтарап жана калыс каралат деп үмүттөнөбүз. Бул фактыга карапайым жарандардын жана эл аралык байкоочулардын көңүлүн бурууну көздөп жатабыз. Эч кандай шайлоо, бир дагы үгүт иштери өлкөбүздөгү туруктуулукка, тынчтыкка жана эл аралык ынтымакка арзыбайт.
"Мекеним Кыргызстан" партиясы үчүн бийиктик бул баалуулук. Биз саясий оппонеттерибизди отко май чачпоого жана Кыргыз өлкөсүндөгү тынчтык тууралуу ойлоого чакырабыз. Ошондуктан биз бийлик мындай чагымчыл аракеттерди, буюртма аткаргандарды катуу жазалоого милдеттүү деп эсептейбиз", - деп жазылат маалыматта.
Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыккан.