"406 миң сомун тартып алышкан". Балыкчы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган эки адам тоноочулукка шектелип кармалды

Балыкчы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адам тоноочулукка шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине, 9-сентябрь күнү белгисиз адамдар Балыкчы шаарында аял кишинин үйүнө келишип, күч колдонуу менен мыйзамсыз үйүн тинтишип, 406 миӊ сом акча каражатын тартып алышкандыгы жана белгисиз тарапка качып кетишкендиги жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн.

"Аталган маалыматты текшерүү боюнча атайын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдардын ким экендиги аныкталды. Жакында Ысык-Көл ОИИБинин КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн изкубарлары тарабынан кылмышка шектүү эки адам колго түшүрүлдү. Алар Балыкчы шаарынын 25 жаштагы тургуну, мурда каракчылык менен соттолуп келген жана ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын активдүү мүчөсү катары турган М.Н. жана анын шакирти Тоӊ районунун Көк-Мойнок айылынын 37 жаштагы тургуну С.А. болуп чыгышты" - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Балыкчы ШИИБинин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201- беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Турак жайга кирүү менен тоноо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Балыкчы шаардык сотунун чечими менен кармалган шектүүлөргө 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saiit
2020-09-22 00:05:28
Бандит арамкорлордун баарысын камоо керек алар ото куноокор жаман жийркеничтуу адамдар! Байларгада законду кучотуу керек байларда ото чектен ашып кетип атат акчасына ишеним чектен ашкан байлардыда ото катуу жазага тартуу керек бай шакалдарды!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан